super.kg logo

Netflix "Маша жана Аюу" мультсериалынын жаңы сезондорун көрсөтүү укугун сатып алды

 

Netflix дүйнөдөгү эң популярдуу балдар мультсериалдарынын бири болгон "Маша жана Аюу" долбоорунун жаңы сезондорун көрсөтүү укугуна ээ болду.

Жаңы келишимге ылайык, стриминг платформасы мультсериалдын сегизинчи жана тогузунчу сезондорун дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөсүндө көрсөтөт.

Мындан тышкары компания буга чейинки сезондорду, ошондой эле "Машанын жомоктору" жана "Машанын коркунучтуу окуялары" аттуу спин-офф долбоорлорун көрсөтүү лицензиясын да узартты.

Netflix мындай чечимди мультсериалдын мектепке чейинки курактагы балдар арасында популярдуулугу жогору бойдон калып жатканы менен түшүндүрдү. "Маша жана Аюу" ушул убакка чейин YouTube платформасында миллиарддаган көрүүлөрдү топтосо, расмий каналынын жазылуучуларынын саны 55 миллиондон ашты.

Жаратуучулар жаңы сезондордун айрым деталдарын да бөлүштү. Жаңы эпизоддордо Маша алгачкы жолу бала бакчага барып, кышкы окуялардын алкагында йетинин үй-бүлөсү менен таанышат.

Жаңы келишим АКШ, Канада, Индия, Япония, Түштүк Корея жана Европанын өлкөлөрүн кошкондо 100дөн ашуун мамлекетти камтыйт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: