super.kg logo

Испания курамасы Дүйнө чемпиондугунун алдында Ламин Ямал боюнча чечим кабыл алды

 

Испаниянын улуттук курамасынын жана Барселонанын чабуулчусу Ламин Ямал 2026-жылдагы Дүйнө чемпиондугу башталар алдында команда менен толук кандуу машыгууларга кайтып келди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, 18 жаштагы футболчу АКШнын Теннесси штатындагы Чаттануга шаарында өткөн машыгууга толук катышып, өнөктөштөрү менен бирге даярдык көрдү.

Ямал сезон соңунда сол бутунун сан булчуңунан жаракат алып, калыбына келүү процессинен өтүп жаткан. Испания курамасынын жана Барселонанын медициналык штабдары оюнчунун ден соолугун көзөмөлдөп, жаракаттын кайталанышына жол бербөөгө аракет кылышкан.

Испания курамасынын техникалык директору Аитор Каранка футболчунун кайтып келүү мөөнөтү боюнча клуб менен өзүнчө келишим болбогонун белгиледи.

Анын айтымында, негизги максат – оюнчунун ден соолугун сактоо жана талаага кайтуу үчүн эң ылайыктуу учурду аныктоо болгон.

Ошондой эле жалпы топ менен Нико Уильямс дагы машыгууга кошулду. Ал эми Виктор Муньос өзүнчө калыбына келүү программасын улантууда.

Испания курамасы Дүйнө чемпиондугундагы алгачкы оюнун 15-июнда Кабо-Вердеге каршы өткөрөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: