super.kg logo
  Спорт  

Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу Мексиканын жеңиши менен башталды

 

2026-жылкы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун алгачкы оюнунда Мексика курама командасы Түштүк Африканы 2:0 эсебинде жеңип алды. Беттеш Мехико шаарындагы атактуу "Ацтека" стадионунда өттү.

Оюндун башкы калысы болуп бразилиялык арбитр Вилтон Сампайо кызмат өтөдү. Мексикалык футболчулар өз күйөрмандарынын алдында мыкты оюн көрсөтүп, турнирдеги алгачкы үч упайын камсыздашты.

Бул беттеш А тайпасынын алкагында өттү. Жеңиштен кийин Мексиканын тайпадагы көрсөткүчү биринчи орунга чыгып, Түштүк Африка төртүнчү сапка жайгашты.

Бүгүн, 12-июнда ушул эле тайпанын дагы бир оюнунда Түштүк Корея менен Чехия күч сынашат.

Экинчи турда Мексика 19-июнда Түштүк Кореяга каршы ойнойт, ал эми 25-июнда Чехия менен беттешет. Түштүк Африка болсо 18-июнда Чехияга каршы чыгып, 25-июнда Түштүк Корея менен жолугат.

2026-жылкы Дүйнө чемпиондугу 19-июлга чейин АКШ, Канада жана Мексикада өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: