super.kg logo

АКШ менен Иран келерки аптада өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшу мүмкүн

 

АКШ менен Иран келерки аптанын башында өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшу мүмкүн. Бул тууралуу маалымдуу булактарга таянып CBS телеканалы жазды.

Документке кол коюу АКШ менен Ирандын ортосундагы узак мөөнөттүү келишим боюнча мындан аркы сүйлөшүүлөргө жол ачат.

Ошондой эле меморандум күчүнө киргенден кийин келечектеги келишимдин шарттарын тактоо үчүн 60 күндүк сүйлөшүү процесси башталары айтылууда. Булактардын маалыматына караганда, зарыл болгон учурда сүйлөшүүлөрдүн мөөнөтү дагы узартылышы мүмкүн.

CBS телеканалы бул маалыматты дипломатиялык аракеттерден кабардар эки булакка таянып жарыялаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: