super.kg logo

Таиланддын ханбийкеси Па каза болду

 

Таиланддын ханбийкеси Бажракитиябха Нарендира Дебьявати, эл арасында ханбийке Па деген ат менен белгилүү, 2022-жылдын декабрында улуттук парктардын бирине барганда эс-учун жоготкон. Ал тик учак менен Бангкоктогу ооруканага жеткирилип, ошондон бери дарыланып келген. Бирок ханбийке кайра эсине келген эмес.

Ханбийке Па 1978-жылдын 7-декабрында төрөлгөн. АКШдагы Корнелл университетинде билим алып, укук боюнча магистр жана доктор даражаларын алган. Андан кийин Таиланддын Башкы прокурорунун кеңсесинде прокурор болуп иштеген.

2012-2014-жылдары Австрия, Словения жана Словакияда Таиланддын элчиси болуп кызмат өтөп, кийин кайра прокуратура тармагына кайтып келген.

2017-жылы БУУнун Кылмыштуулуктун алдын алуу жана кылмыш-жаза сот адилеттиги боюнча комиссиясы аны Түштүк-Чыгыш Азиядагы мыйзам үстөмдүгү боюнча ак ниет элчи кылып дайындаган. Ал өзгөчө аял соттолгондордун укуктарын коргоо багытында активдүү иш алып барган.

2021-жылы ханбийке Па генерал наамын алып, падышалык үй-бүлөнүн коопсуздугун камсыз кылган Королдук коопсуздук командачылыгында кызматка дайындалган.

Маалыматтарга караганда, анын көз жумганына байланыштуу Таиландда улуттук аза күтүү жарыяланат.

Ханбийке Па Таиланддын падышасы Рама Xнын тактыга талапкер боло алган үч баласынын бири болгон. Учурда тактынын расмий мураскери катары анын үчүнчү никесинен төрөлгөн уулу Дипангкорн Расмичоти саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: