Facebook, Instagram жана Threads тармактарында дүйнөлүк масштабдагы мүчүлүштүк катталды
Дүйнө жүзүндөгү колдонуучулар Facebook, Instagram жана Threads социалдык тармактарына кирүүдө көйгөйлөргө туш болуп жатканын билдиришүүдө.
Маалыматтарга караганда, платформалардын мобилдик тиркемелери жана веб-версиялары күтүүсүздөн колдонуучуларды аккаунттарынан чыгарып салган. Кайра кирүүгө аракет кылганда система туура маалыматтарды киргизгенине карабастан, "сырсөз туура эмес" деген ката билдирүүсүн көрсөтүүдө.
Учурда социалдык тармактардын ээси болгон Meta компаниясы мүчүлүштүктүн себептери боюнча расмий комментарий бере элек.
Белгилей кетсек, Meta платформаларында буга чейин да ири масштабдагы үзгүлтүктөр катталган. Алардын эң ириси 2024-жылдын март айында болуп, дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү колдонуучулар бир нече саат бою Facebook, Instagram жана Messenger кызматтарына кире албай калышкан.
Адистер көйгөй толук жоюлганга чейин колдонуучуларга аккаунт сырсөздөрүн шашылыш өзгөртпөөгө жана расмий билдирүүлөрдү күтүү сунушталууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















