super.kg logo
  Спорт  

Месси Аргентина курама командасы үчүн 119-голун киргизди. Бул анын карьерасындагы 913-голу

 

Бүгүн, 17-июнда белгилүү чабуулчу Лионель Месси Аргентина улуттук курама командасы үчүн 119-голун киргизди. Бул 2026-жылдагы Дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычындагы Алжирге каршы алгачкы беттештин биринчи таймында болду. Оюн АКШнын Канзас-Сити шаарындагы "Эрроухед" стадионунда өтүп жатат.

Оюндун 17-мүнөтүндө Месси жарым коргоочу Родриго Де Паульдун топту чыгарып берүүсүнөн кийин бош аймакка чыгып, айып аянтчасынын сызыгына жакын жерден сол буту менен дарбазанын жогорку бурчуна так сокку узатып, эсепти ачты.

38 жаштагы аргентиналык футболчу үчүн бул эки гол улуттук кураманын курамындагы 200-оюнундагы 119-гол болуп калды.

Жалпысынан Месси карьерасында бардык мелдештерде 913 гол киргизди. Анын ичинде:

  • "Барселона" клубу үчүн — 672 гол;
  • "Пари Сен-Жермен" клубу үчүн — 32 гол;
  • "Интер Майами" клубу үчүн — 90 гол;
  • Аргентина курама командасы үчүн — 119 гол.

Дүйнө чемпиондугунун J тайпасында Аргентинанын башка атаандаштары Австрия жана Иордания курама командалары болуп саналат.

Аргентина 2022-жылы өткөн Дүйнө чемпиондугунда жеңишке жетишкен. 2026-жылкы оюндар АКШда, Канадада жана Мексикада 19-июлга чейин уланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: