Бир күндө "жылдызга" айланган дарбазачы. Возинья деген ким?
Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна алгачкы ирет катышып жаткан Африка өлкөлөрүнүн бири Кабо-Верденин курамасы биринчи айлампада эле дүйнөнү таң калтырды. Алар Испания менен ойноп, беттеш тең чыгуу менен аяктады. Бул оюнда өзгөчө дарбазачы ишенимдүү оюн көрсөтүп, өз өлкөсүнүн намысына жарады. SUPER.KG порталы ал дарбазачы Возинья тууралуу кызыктуу фактыларды топтоду.

Бир күндө эле Инстаграм баракчасына 11 миллиондон ашуун катталуучу чогулта алган дарбазачы Дүйнө чемпиондугунун "жылдызы" болуп жаткан учур.
Балалык жана лакап аттын пайда болушу
Африканын бул өлкөсүндө футболчулар көбүнчө чыныгы ысымы менен эмес, лакап аттары менен белгилүү болушат. Ушундай өзгөчө мисалдардын бири Кабо-Верде курама командасынын дарбазачысы Жозимар Жозе Эвора Диаш, эл ичинде Возинья деген ат менен таанылган футболчу.
Ал 1986-жылдын 3-июнунда Минделу шаарында төрөлгөн. Анын атын 1986-жылкы Дүйнө чемпионндугунда унутулгус гол киргизген бразилиялык футболчу Жозимардын урматына коюшкан.
Бирок бала кезинде ага “Возинья” деген лакап ат жабышкан. Бул сөз португалча “чоң эне” деген маанини билдирет. Футболчу өзү билдиргендей, атасы аскер кызматчысы болуп үйүндө болгон эмес. Ал эми апасы балдарын багуу үчүн тынымсыз иштеген. Аны чоң ата, чоң энеси тарбиялаган.

Ал кичинекей кезинде көчөдө өзүнөн улуу балдар менен көп футбол ойноп, көп учурда утулуп, урушуп үйүнө ачууланып кайтып барганын эскерет. Балдар аны мазактап, “сен кайра чоң энеңе арызданасың” деп тамашалашчу. Ошентип, “Возинья” деген лакап ат жабышып калган.
Башында ал бул атты жактырган эмес, бирок убакыт өтүп, ага көнүп калган.
Кесипкөй карьерасынын башталышы
Возиньянын карьерасы узак убакыт бою дүйнөлүк футболдун көңүл борборунан алыс жүрдү. Ал ар кандай клубдарда ойноп, Африка жана Европа футболунда тажрыйба топтогон, бирок ири клубдарга чыккан эмес.
Ал Португалиянын "Жил Висенте", Молдованын "Зимбру" жана Анголадагы “Прогрессо” клубдук командаларында ойногон. Учурда ал Португалиянын экинчи дивизионундагы "Шавеш" клубунда ойнойт.
Жаңы ысымдын кабыл алынышы
Анголадагы клубдардын биринде анын ысымы боюнча түшүнбөстүк жаралган: командада дагы бир Жозимар аттуу дарбазачы болгон. Ошондо ал формасына “Жозимар II” деп жаздырууну каалабай, өзүнүн лакап аты — Возинья менен ойноону чечкен.
Ошондон тартып бул ат анын расмий спорттук брендине айланган.
Курама команда жана Дүйнө чемпиондугуна жол
Көп жылдар бою ал өзүнүн жөнөкөй карьерасына карабай Кабо-Верде курама командасынын маанилүү оюнчусу болуп келди. Мындан эки жыл мурун карьерасын токтотууну да ойлогон учурлары болгон, бирок курама команданын ийгиликтери аны улантууга шыктандырган.
Анын эң чоң кыялы — Дүйнө чемпиондугунда ойноо болгондугун маектеринде билдирди.
Акыры бул кыял ишке ашып, Кабо-Верде курама командасы тарыхый деңгээлге жетти. Возинья Дүйнө чемпиондугуна катышып гана тим болбостон, рекорд да жаратты.
Ал Испанияга каршы оюнда дарбазасын куткарып, ФИФАнын тарыхында эң улуу дебют жасаган дарбазачы болуп калды. Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун Н тайпасындагы 1-турда беттешкен Испания Кабо-Верде курамасынын дарбазасына 27 сокку уруп, анын жетөөсүн так багыттады. 40 жаштагы Возинья ишенимдүү оюн көрсөтүп, бир да голдун дарбазага кирүүсүнө мүмкүнчүлүк берген жок.
Возиньянын бир тууганы Делмиро да профессионал футболчу болуп, Кабо-Верде курама командасында ойнойт. Анын окуясы — жөнөкөй көчө футболунан башталып, дүйнө чемпионатына чейин жеткен сейрек жана шыктандыруучу жол. “Чоң эне” деген лакаптан дүйнөлүк рекордго чейин жеткен анын тагдыры футболдун эң күтүүсүз жана кызыктуу окуяларынын бири болуп калды.
кошулду
0

Супер-Инфо
super.kg видео



















