АКШдагы Дүйнө чемпиондугундагы оюн учурунда талааны суу каптады
АКШнын Фоксборо шаарындагы “Жиллетт” стадионунда өткөн 2026-жылкы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычынын биринчи турундагы Ирак менен Норвегиянын беттешинде күтүүсүз окуя катталды.
Биринчи таймдан кийин норвегиялык Эрлинг Холанд эки гол киргизип, командасын 2:1 эсебинде алдыга чыгарган. Тыныгуу маалында талаанын астындагы түтүк жарылып, борбордук бөлүктөн суу фонтан болуп атылып чыккан.
Натыйжада талаада чоң көлчүк пайда болуп, стадиондун сугаруу системасынын калган бөлүктөрү да коопсуздук максатында өчүрүлгөн.
Стадиондун кызматкерлери аварияны ыкчам жоюп, экинчи тайм башталганга чейин талаанын жабыркаган бөлүгүн калыбына келтирүүгө жетишти. Оюн белгиленген график боюнча улантылган.
Футбол
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2026-07-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















