super.kg logo
  Спорт  

Ирандын Футбол федерациясы ФИФАга арыз менен кайрылат

 

Ирандын Футбол федерациясы 2026-жылдагы Дүйнө чемпиондугунда улуттук курамасына коюлган чектөөлөргө байланыштуу ФИФАга арыз жөнөтөрүн билдирди.

Чет элдик басылмалар маалымдагандай, Иран курама командасы 21-июнда Бельгия менен өтө турган беттешке даярдануу үчүн АКШга эки күн мурда барууну пландаган. Бирок командага өлкөгө оюнга бир күн калганда гана кирүүгө уруксат берилген.

Мындан тышкары, Жаңы Зеландия менен болгон алгачкы оюндан кийин ирандык футболчулар АКШда эс алып калуунун ордуна, дароо Мексиканын Тихуана шаарындагы машыгуу базасына кайтууга милдеттендирилген.

Иран футбол федерациясы мындай чектөөлөр бардык командалар үчүн бирдей шарт түзүү принцибине каршы келерин жана оюнчулардын даярдыгына терс таасир тийгизерин белгиледи.

Башкы машыктыруучу Амир Галенои Иран курамасы Дүйнө чемпиондугундагы эң көп кысымга кабылган команда болгонун билдирди.

Буга чейин Ирандын Футбол федерациясы өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу АКШда өтө турган оюндарды Мексикага көчүрүүнү сунуштаган, бирок бул демилге колдоо тапкан эмес. Ошондой эле ирандык делегациянын 15 мүчөсү АКШ визасын ала албай, алардын төртөө гана чечимди кайра кайтартып, виза алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: