super.kg logo
  Спорт  

Оозун жаап сүйлөгөн оюнчунун жазасы... Футбол тарыхында өзгөчө учур катталды

 

Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда мурда болуп көрбөгөн окуя катталды. Парагвай курама командасынын жарым коргоочусу Мигель Альмирон Түркияга каршы беттеште оозун колу менен жаап сүйлөгөнү үчүн оюндан чыгарылды.

Окуя биринчи таймдын соңунда болду. Альмирон түрк коргоочусу Мерт Мөлдүр менен сүйлөшүп жатып, оозун колу менен жаап алган. Башкы калыс VAR системасы аркылуу эпизодду карап чыгып, парагвайлык оюнчуга кызыл айып кагазын көрсөттү.

Маалыматка ылайык, бул чара ФИФАнын жаңы эрежеси. Эми оюнчулар сүйлөшүү учурунда оозун жаап, айтылган сөздөрдү жашырууга аракет кылууга тыюу салынат. Бул аракеттер камералардан маалыматты жашыруу катары бааланып, дисциплинардык жазага алып келиши мүмкүн.

Мигель Альмирон Дүйнө чемпиондугунун тарыхында бул эрежени бузган алгачкы футболчу болуп калды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: