Кыргызстандын өспүрүмдөрү муай-тай боюнча дүйнө чемпиондугунда 8 медаль жеңди
Кыргызстандын өспүрүмдөр курама командасы Эл аралык муай-тай федерациясынын (IFMA) мектеп окуучулары арасындагы дүйнө чемпиондугунда ийгиликтүү катышып, жалпы 8 медаль багындырды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдештин жыйынтыгында кыргызстандык спортчулар 2 алтын, 4 күмүш жана 2 коло медаль утуп, өлкө намысын татыктуу коргошту.
Алтын медаль ээлери:
-
Диана Зайнитдинова
-
Айназик Арстанбекова
Күмүш медаль ээлери:
-
Рамис Масловец
-
Абу-Бакр Бакиев
-
Даниэль Эсенгулов
-
Агиля Бердалиева
Коло медаль ээлери:
-
Актилек Усенбаев
-
Адинай Бейшекеева
Курама команданы машыктыруучулар Ильяр Бакиев, Мирбек Саркалмаков жана Жолчуу Абдалов даярдашкан.
Өспүрүм спортчулардын бул ийгилиги Кыргызстандын муай-тай спорту дүйнөлүк аренада өсүп жатканын дагы бир жолу тастыктады.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















