super.kg logo
  Спорт  

Манас шаарында “Мен чемпионмун” республикалык оюндары старт алды

 

23-июнда Жалал-Абад облусундагы Манас шаарында балдар-өспүрүмдөр спорт мектептеринин тарбиялануучулары арасында өтүүчү республикалык “Мен чемпионмун” оюндарынын салтанаттуу ачылышы болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ачылыш аземине Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Болотбек Ашыралиев, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев жана Манас шаарынын мэри Уларбек Исмаилов катышты.

Шаардын борбордук аянтында өткөн иш-чара спортчулардын парады жана концерттик программа менен коштолду.

Мелдештер спорттун 10 түрү боюнча өткөрүлүп, анда өлкөнүн бардык аймактарынан келген жаш спортчулар күч сынашат. Оюндар 28-июнга чейин уланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: