Лондондо Пикассо тарткан портрет аукциондо сатылды
Испаниялык сүрөтчү Пабло Пикассо тарткан Дора Маар портрети Лондондогу аукциондо 1,7 миллион долларга (1,3 миллион фунт стерлингге) сатылды. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда кабарланды.
Пикассо бул портретти 1936-жылдын ноябрь айында, Дора Маар аттуу айым менен сүйүү мамилеси жаңы башталган учурда тарткан. Дора Маар сүрөттү өмүрүнүн акырына чейин, 1997-жылы көз жумганга чейин сактап келген. Андан кийин чыгарма британиялык инвестор Жо Льюистин коллекциясына өткөн.
Мындан тышкары, Жо Льюистин коллекциясынан аукциондо башка белгилүү сүрөттөр да сатылды. Алардын арасында Клод Моненин 1864-жылы тартылган "Тик турган эркектин портрети" (1,3 миллион доллар), Пьер Боннардын "Ийгиликке жеткен аял" аттуу эмгеги (930 миң доллар) жана башка сүрөттөр бар.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















