super.kg logo
  Спорт  

Футбол-2026: Иран курамасынын капитаны адилетсиздик үчүн ФИФАны сынга алды (видео)

 

Иран курама командасынын капитаны Мехди Тареми Дүйнөлүк футбол уюмун жана анын президенти Жанни Инфантинонун дарегине катуу сын айтты. Ал 2026-жылкы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда Иран командасы үчүн "адилетсиз жана оор шарттар" түзүлгөнүн белгиледи.

Тареминин айтымында, Иран курама командасы ар бир беттештен кийин Мексикага кайтып учуп, АКШнын чек ара жана иммиграциялык көзөмөлүнөн өтүүгө мажбур болду. Бул узак сапарлар оюнчулардын эс алуусуна жана калыбына келишине терс таасир тийгизди.

"Турнирдин уюштуруучулары Иранга карата саясий жана логистикалык тоскоолдуктарды жаратты. Бул жагдай курама команданы кошумча кыйынчылыктар менен күрөшүүгө мажбур кылды",- деп билдирген футболчу.

Ошондой эле ал Иранга байланыштуу жаралган маселелерди чагылдырган ЖМКларга жана тихуаналыктарга ыраазычылыгын айтты.

Эскерте кетсек, Иран курама командасы базасын Мексиканын Тихуана шаарында жайгаштырган, бирок тайпадагы үч оюнун тең АКШда өткөрдү. Коопсуздук эрежелерине байланыштуу командага АКШ аймагында оюн күндөрүнөн тышкары калууга тыюу салынып, команда ар бир беттештен кийин кайра Мексикага кайтууга мажбур болгон.

Тайпалык этапта Иран Жаңы Зеландия менен 2:2, Бельгия менен 0:0 жана Египе менен 1:1 эсебинде ойноду. Египет менен болгон акыркы беттеште Ирандын экинчи голу миллиметрлик офсайддан улам эсепке алынбай, чечүүчү упайдан ажырады. Натыйжада үч упай топтогон Иран тайпадан чыга албай, турнирди жыйынтыктады.






Иран курама командасынын капитаны ФИФАны сынга алды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: