super.kg logo
  Спорт  

Футбол-2026: Мехиконун көчөлөрү өзгөчө майрамга бөлөндү (видео)

 

Мехикодогу Эгемендүүлүк периштеси аянтына майрамдап чыккан жарандардын саны миллиондон ашты. Анткени мексикалыктар өз курама командасынын футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун 1/8 финалына чыкканын майрамдап жатышат.

Жааган жаан да күйөрмандарга тоскоол болгон жок. Бул жолу майрам фейерверктер менен коштолуп, чыныгы майрамдык маанай өкүм сүрүүдө.

Өз талаасында оюн өткөрүп, башка курамаларды кабыл алып жаткан Мексиканын көрсөткүчү мыкты:

  • 4 оюнда 4 жеңиш;
  • Дарбазасына бир да гол киргизген жок;
  • Алар киргизген голдордун жалпы эсеби 8.

Эскерте кетсек, Мексика чейрек финалга жолдомо алуу үчүн Англия менен Конгонун оюнунда жеңүүчү болгон курама менен беттешет. Оюн 6-июлда болот.






Мехиконун көчөлөрү өзгөчө майрамга бөлөндү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: