Кыргызстандын таэквондо WT боюнча улуттук курамасы Астанадагы мелдеште 10 медаль жеңди
Кыргызстандын таэквондо WT боюнча улуттук курама командасы Астанада өткөн эл аралык мелдештерде 10 медаль жеңди.
Дене тарбия жана спорт агенттиги белгилегендей, спортчулар XX Азия оюндарына даярдыктын алкагында жогорку деңгээлдеги атаандаштыкта өз мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүштү.
"Altaic Cup" турнири быйыл алгачкы жолу өткөрүлүп, World Taekwondo уюмунун расмий календарына киргизилди. Мелдешке дүйнөнүн бир катар күчтүү өлкөлөрүнөн 380ге жакын спортчулар катышты. Ал эми 25–27-июнь күндөрү өткөн "Kazakhstan Open 2026 G-1" рейтингдик турниринде 1300дөн ашуун спортчу күч сынашты", - деп белгиленди маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















