Иранда Али Хаменеини акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө
Иранда бүгүн, 3-июлда АКШ менен Израилдин аскердик операциясында каза болгон өлкөнүн жогорку лидери Али Хаменеини акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат.
Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, анын сөөгү азем өтүп жаткан жайга алып келинде. Тегерандагы коштошуу зыйнатына Ирак, Орусия, Кытай, Түркмөнстан жана башка өлкөлөрдөн расмий делегациялар барышкан.
Али Хаменеини жерге берүү зыйнаты 9-июлда анын туулган шаары Мешхед шаарында өтөт.

Буга чейин Иран бийлиги тарабынан жогорку лидерди акыркы сапарга узатуу зыйнатына карата кеминде 850 соттолуучуга мунапыс берилери маалымдалган. Алар майда кылмыш иштери үчүн соттолгондор экени айтылды.

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:29
2026-07-27
9:25
2026-07-27
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















