super.kg logo
  Спорт  

Футбол-2026: Роналду Торонтодогу күйөрмандарын кубантты (видео)

 

Португалия курама командасынын капитаны Криштиану Роналду Торонто шаарындагы мейманкананын балконуна чыгып, жүздөгөн күйөрмандарын кубантты.

Мейманкананын алдына чогулган күйөрмандар Роналдунун ысымын кыйкырып, аны жылуу тосуп алышты. Өз кезегинде футбол жылдызы кол жаңсоолору менен аларды кубаттап, Португалия Дүйнө чемпиондугун жеңгендей эле таасир калтырды.

Ошондой эле Роналду Хорватияга каршы өткөн беттеш тууралуу кызыктуу билдирүү жасап, оюндун тагдырын пенальти чечерин алдын ала сезгенин айтты.

"Күндүз эле бул беттештин тагдырын пенальти чечет деген сезим болгон. Ошого жараша алдын ала даярдандык, анткени дал ушундай боло турганын ичимден сезгем", - деди португалиялык капитан.

Белгилей кетсек, футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун 1/16 финалында Португалия Хорватияны 2:1 эсебинде жеңип, 1/8 финалга жолдомо алды. Роналду оюнда пенальтини так аткарып, командасынын жеңишине чоң салым кошту. Эми португалиялыктар кийинки баскычта Испания менен беттешет.






Роналду Торонтодогу күйөрмандарын кубантты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: