Роналду пенальти тебердин алдында өзүнө эмне деп дем берди? (видео)
Португалия курама командасынын капитаны Криштиану Роналду Хорватияга каршы беттеште пенальти теберде акырын үн менен үч жолу "Бисмиллах" деп кайталап, андан соң терең дем алып, пенальтини так аткарганы байкалат. Бул учур күйөрмандар арасында кеңири талкууга жем таштады.
Футбол күйөрмандары бул аракетти Роналдунун өзүнө ишеним берип, психологиялык жактан даярдануу ыкмасы катары баалашууда. Айрымдар болсо анын бул сөздү айтуусу жаратканга таянып, маанилүү учурларда руханий күч алуунун белгиси экенин белгилешүүдө.
Бул пенальти Португалиянын жеңишине чоң салым кошуп, команда дүйнө чемпиондугунун 1/8 финалына жолдомо алды. Эми португалиялыктар кийинки баскычта Испания менен беттешет.
Роналду пенальти тебердин алдында өзүнө эмне деп дем берди?
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2026-07-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















