super.kg logo
  Спорт  

Лука Модрич карьерасын жыйынтыктоо боюнча үн катты

 

Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун 1/16 баскычында Хорватия Португалиядан 1:2 эсебинде жеңилгенден кийин курама команданын капитаны Лука Модрич карьерасын жыйынтыктоо тууралуу суроого жооп берди.

"Азыр менин келечегим тууралуу сүйлөшө турган учур эмес. Баарын жакын арада билесиңер", - деп билдирди Модрич чет элдик спорт басылмаларына.

40 жаштагы жарым коргоочунун "Милан" клубу менен келишими 2026-жылдын 30-июнунда аяктаган. Бирок клуб азырынча анын командадан кеткени, же келишимдин узартылганы тууралуу расмий билдирүү жасай элек.

Лука Модрич дүйнөлүк футболдун эң мыкты жарым коргоочуларынын бири катары белгилүү. Ал карьерасында Мадриддин "Реал", Англиянын "Тоттенхэм" жана Загребдин "Динамо" клубдарында ийгиликтүү ойногон.

Хорватиянын улуттук курамасы үчүн Модрич 202 беттеш өткөрүп, 29 гол киргизген. Анын карьерасын жыйынтыктоо боюнча акыркы чечими жакынкы күндөрү белгилүү болушу күтүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: