super.kg logo
  Спорт  

Бишкекте эл аралык бокс кечеси өттү

 
Бишкектеги "Жаштык Арена" спорттук комплексинде эл аралык профессионалдык бокс кечеси болуп өттү.
Кыргызстандын профессионалдык бокс тарыхындагы эң ири эл аралык мелдештердин бири болуп саналган турнирге Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Орусия, Таиланд жана Кубанын мушкерлери катышты.
Анда Ыктыяр Нышанов орусиялык Михаил Тарханов менен Жогорку Кеңештин төрагасынын атайын куру үчүн күч сынашып, жеңип алса, Акжол Сулайманбек уулу таиланддык Пайом Кампи менен Кыргызстандын профессионалдык бокс лигасынын чемпиондук куру үчүн беттешип, утуп чыкты.
Кечеге ардактуу конок катары дүйнөлүк бокстун легендалары, абсолюттук дүйнө чемпиону Эвандер Холифилд жана Олимпиада чемпиону Александр Поветкин күбө болушту. Ошондой эле парламент төрагасынын орун басары Болот Ибрагимов баштаган депутаттар күйөрмандык кылышты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: