super.kg logo
  Спорт  

Футбол-2026: Англиянын оюнчусу жеңишти майрамдап жатып жаракат алды 

 

Англия курама командасы 1/8 финалда Мексиканы 3:2 эсебинде жеңгенден кийин жарым коргоочу Жордан Хендерсон күтүүсүз жаракат алып, талаадан замбил менен чыгарылды.

Оюн аяктагандан кийин англиялык футболчулар күйөрмандары менен жеңишти майрамдап жаткан учурда Хендерсон жарнамалык тосмодон ашып өтүүгө аракет кылып жатып жыгылып, колунан жаракат алган.

Дарыгерлер ага ошол жерде дароо жардам көрсөтүп, кычкылтек менен дем алдырышты. Андан соң оюнчу замбил менен талаадан чыгарылды. Командадагы өнөктөштөрү анын айланасына чогулуп, тосуп турушту.

Белгилей кетсек, эми Англия Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалында Норвегия курама командасы менен күч сынашат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: