Роналду дүйнө чемпиону боло алган жок: Португалия 1/8 финалда Испанияга жеңилди
Португалиянын улуттук курама командасы 2026-жылдагы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун 1/8 финалында Испанияга 0:1 эсебинде утулуп калды.
Бул беттеште Португалиянын чабуулчусу Криштиану Роналду дагы талаага чыгып, өз карьерасында дүйнө чемпиону болуу кыялы ишке ашпай калды.
Роналду Португалиянын негизги курамасында 2003-жылдан бери ойноп келет. Анын катышуусундагы Дүйнө чемпиондуктарындагы жыйынтыктар төмөнкүчө болду:
- 2006-жыл - Португалия жарым финалга чейин жетип, үчүнчү орун үчүн болгон беттеште жеңилип калган.
- 2010-жыл - команда 1/8 финалда мелдештен четтеген.
- 2014-жыл - португалиялыктар тайпалык баскычтан чыга алган эмес.
- 2018-жыл - курама 1/8 финалда жеңилген.
- 2022-жыл - команда чейрек финалга чейин жетип, андан ары өтө алган эмес.
- 2026-жыл - Португалия 1/8 финалда Испанияга 0:1 эсебинде утулуп, Дүйнө чемпиондугунан кайтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:39
2026-07-28
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















