Футбол-2026: Скалони Аргентина-Египет беттешинин алдында маанилүү билдирүү жасады
Аргентина курама командасынын башкы машыктыруучусу Лионель Скалони команданын лидери Лионель Мессинин абалы тууралуу маалымат берди.
Скалонинин айтымында, 39 жаштагы чабуулчу өзүн жакшы сезип жатат жана Дүйнө чемпиондугунун 1/8 финалында Египетке каршы беттешке катышууга даяр.
"Месси өзүн жакшы сезип жатат. Ал буга чейин 120 мүнөт толук ойногонуна карабай эч кандай даттануу айткан жок. Эгер кандайдыр бир көйгөйү болсо да, мага билдирген эмес. Ошондуктан ал Египетке каршы кадимкидей эле ойнойт",- деди Скалони маалымат жыйынында.
Аргентина менен Египеттин ортосундагы 1/8 финалдык беттеш 7-июлда өтөт. Оюн Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 22:00дө башталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















