super.kg logo
  Спорт  

Аргентина Египетти жеңип, Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалына чыкты

 

2026-жылкы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун 1/8 финалында Аргентина курамасы Египетти 3:2 эсебинде жеңди.

АКШнын Атланта шаарындагы "Мерседес-Бенц Стэдиум" аренасында өткөн беттеште эсепти күтүүсүздөн Египет ачты. 15-мүнөттө коргоочу Яссер Ибрахим гол киргизди. Аргентина жооп катары мүмкүнчүлүк алды - бирок Лионель Месси пенальтиден пайдалана алган жок.

Экинчи таймда Египет артыкчылыгын көбөйттү. 67-мүнөттө Мостафа Зико экинчи голду киргизди. Буга чейин анын дагы бир голу VAR системи аркылуу каралып, эреже бузуу үчүн эсепке алынган эмес.

Бирок Аргентина оюн аягында укмуштуудай кайтып келди. 79-мүнөттө Кристиан Ромеро эсепти кыскартса, төрт мүнөттөн кийин Лионель Месси тең эсепти орнотту. Ал эми 90+3-мүнөттө Энцо Фернандес жеңиш голун киргизип, аргентиналыктарга 3:2 эсебинде жеңиш алып келди.

Эми Аргентина Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалында Швейцария - Колумбия беттешинин жеңүүчүсү менен ойнойт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: