super.kg logo
  Спорт  

Футбол-2026: Египеттин футболчусу Аргентинага каршы оюндагы калыстыкты сынга алды

 

Египет курама командасы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугундагы 1/8 финалында Аргентинага 2:3 эсебинде утулгандан кийин беттештин башкы калысы Франсуа Летексье кескин сынга кабылды. Египеттин чабуулчусу Мостафа Зико калыстын чечимдери оюндун жыйынтыгына түздөн-түз таасир эткенин белгиледи.

"Калыс бүтүндөй элдин кыялын талкалады. Ал бизге каршы иштеп жатты, анткени биз Аргентинаны жеңбешибиз керек болчу. Ал кылганы үчүн Кудай алдында жооп берсин",- деген футболчу.

Беттештин 58-мүнөтүндө Зико киргизген гол VAR системи аркылуу текшерилип, жокко чыгарылган. Ошондой эле оюндун соңку мүнөттөрүндө египеттик чабуулчу Мохамед Салахка каршы эреже бузулганына карабастан, калыс пенальти дайындаган эмес. Бул эпизоддор Египет курамасынын жана күйөрмандарынын нааразычылыгын жаратты.

Жеңишке жетишкен Аргентина Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалында Швейцария менен беттешет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: