Футбол-2026: Месси Аргентинанын Египетке каршы оюндагы жеңиши тууралуу үн катты
Аргентина курама командасынын чабуулчусу Лионель Месси Дүйнө чемпиондугунун 1/8 финалында Египетке каршы өткөн оюндагы жеңиш тууралуу эмоциялары менен бөлүштү.
Аргентиналыктар беттеш учурунда 0:2 эсебинде утулуп жатып, акырында 3:2 эсебинде жеңишке жетишти. Оюн АКШнын Атланта шаарындагы футбол аренасында өтүп, башкы калыс катары франциялык Франсуа Летексье тейледи.
"Биз жакшы ойнодук. Пенальтиден тышкары да бизде жакшы мүмкүнчүлүктөр көп болду. Дарбазачы бир нече укмуштуудай сейв жасады. Оюндун аягында мага мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мындай учурда командага жардам берүү өзгөчө сезимди тартуулайт",- деди Месси.
Белгилей кетсек, эми Аргентина чейрек финалда Швейцария курамасы менен кез келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2026-07-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















