super.kg logo
  Спорт  

Футбол-2026: Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалына чыккан бардык сегиз команда белгилүү болду

 

2026-жылкы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалына чыккан бардык сегиз команда белгилүү болду. Кийинки баскычка Франция, Марокко, Норвегия, Англия, Испания, Бельгия, Аргентина жана Швейцариянын курама командалары өтүштү.

Чейрек финалдан кийинки плей-офф баскычтарынын бардык беттештери АКШдагы стадиондордо өтөт.

Алгачкы оюнду 9-июлда кечинде Бостонго жакын Фоксборо шаарында Франция менен Марокконун курама командалары өткөрөт. Эртеси күнү Лос-Анжелесте Испания менен Бельгия беттешет. 11-июлдун кечинде Майамидеги стадиондо Норвегия менен Англия командалары жарым финалга чыгуучу дагы бир жолдомо үчүн күрөшөт. Ал эми 12-июлга караган түнү Канзас-Ситиде Аргентина менен Швейцариянын курамалары талаага чыгышат.

Жарым финалдык оюндар 14 жана 15-июлда Арлингтон жана Атланта шаарларында өтөт.

2026-жылкы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу 19-июлга чейин өтөт. Анын негизги бөлүгү АКШнын аймагында өткөрүлөүүдө. Дагы Мексикадагы үч шаар, Канаданын эки шаары оюндарды кабыл алды.

Финалдык беттеш 19-июлда АКШнын Нью-Джерси штатынын Ист-Ратерфорд шаарында болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: