Футбол-2026: Хорватиянын башкы машыктыруучусу Златко Далич кызматынан кетти
Хорватия футбол биримдиги расмий сайтында улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Златко Далич кызматынан кеткенин жарыялады.
Маалым болгондой, 59 жаштагы адис Хорватия курамасын дээрлик тогуз жыл жетектеди. Анын жетекчилиги алдында команда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун 2018-жылкы оюнунда күмүш медалын, 2022-жылы коло медалын жана улуттук лиганын күмүш байгесин жеңип алган.
Федерация Даличке эмгеги, жетишкендиктери жана Хорватия футболуна кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
2026-жылкы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда Хорватия 1/16 финалга чейин жетип, Португалиядан жеңилип калды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















