super.kg logo
  Спорт  

Кыргызстандын курама командасы “Maxima Master’s Eurasia” Кубогунда 34 медаль жеңди

 

2–5-июль күндөрү Москва шаарында өткөн “Maxima Master’s Eurasia” Кубогунун алкагында ат спортунун конкур түрү боюнча эл аралык мелдеш өттү. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеште спортчулар 60–150 сантиметр бийиктиктеги тоскоолдуктар коюлган маршруттарда күч сынашты. Жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасы жалпы 34 медаль жеңип алды.

Кыргызстандын атынан катышкан 8 спортчу төмөнкүдөй жыйынтык көрсөттү:

* Ринат Галимов — 7 алтын, 1 күмүш, 2 коло (жалпы 10 медаль);
* Андрей Тряпицин — 2 алтын;
* Камиль Сабитов — 5 алтын, 4 күмүш;
* Анна Белюсенко — 2 алтын;
* Луиза Галимова — 3 алтын, 3 күмүш;
* Полина Потапова — 1 күмүш;
* Айзирек Кочкорова — 1 алтын, 1 коло;
* Богдан Стрельников — 1 алтын, 1 күмүш.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: