super.kg logo
  Спорт  

Футбол-2026: Египеттин футбол биримдиги өлкө президентине кайрылды

 

Египеттин футбол боюнча курама командасы Дүйнө чемпиондугунан четтегенден кийин өлкө президенти Абдель Фаттах ас-Сисиге кайылды.

Ассоциациянын расмий билдирүүсүндө жетекчилик, машыктыруучулар штабы, медициналык кызматкерлер жана улуттук курама команданын оюнчулары президенттин колдоо сөздөрүнө жана команданын Дүйнө чемпиондугундагы тарыхый жетишкендигине берген жогорку баасына терең ыраазы экендиги белгиленген.

Ошондой эле билдирүүдө мамлекет башчысынын колдоосу команда үчүн чоң дем болуп, мындан ары дагы талыкпай эмгектенип, эл аралык мелдештерде Египеттин намысын бийик көтөрүүгө түрткү берери айтылган.

Эскерте кетсек, Египеттин курама командасы Дүйнө чемпиондугунун 1/8 финалында Аргентинага 2:3 эсебинде жеңилип, мелдештен четтетилди. Оюндан кийин президент Абдель Фаттах ас-Сиси улуттук курама командага колдоо сөздөрүн айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: