Мбаппе менен Парагвай сенаторунун ортосундагы жаңжал. Талаш эмнеден чыкты?
Быйылкы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун 1/8 финалында Франция менен Парагвайдын курамалары беттешти. Оюнда Франция 1:0 эсебинде жеңишке жетип, жалгыз голду Килиан Мбаппе пенальтиден киргизди.
Беттештен кийин Парагвайдын дарбазачысы Орландо Хиль Мбаппеге кол сунган, бирок француз футболчусу анын колун кармаган эмес. Бул көрүнүш социалдык тармактарда чоң талкуу жаратууда.
Сенатордун катуу сыны
Парагвайдын сенатору Селеста Амарилья Мбаппенин бул аракетин сынга алып, социалдык тармакта кескин билдирүү жасады. Ал футболчуну кемсинткен сөздөрдү колдонуп, анын жүрүм-турумун сыйлабастык катары баалаган.
Анын айрым сөздөрү расисттик мүнөздө деп кабыл алынып, коомчулукта чоң нааразычылык жаратты.
Кийин сенатор өз билдирүүсүнө комментарий берип, айткан сөздөрү үчүн жоопкерчиликти аларын билдирди. Ал мурдагы көз караштар менен азыркы дүйнөнүн талаптары өзгөргөнүн түшүнүп жатканын айтып, коомдогу сабырдуулук жана урмат-сый маанилүү экенин белгиледи.
Мбаппе жана Франциянын реакциясы
Килиан Мбаппе сенатордун сөздөрүнө жооп берип, мындай билдирүүлөргө жол берилбеши керектигин айтты. Ал Амарильяны жек көрүүнү жана расизмди жайылтууда деп айыптады.
Франциянын Футбол федерациясы да сенатордун сөздөрүнө реакция кылып, укуктук чара көрүү үчүн прокуратурага кайрылганын билдирди.
Бул окуя жөн гана оюндан кийинки кол алышуу маселеси эмес, сенатордун Мбаппеге карата колдонгон кемсинткен жана расисттик мүнөздөгү сөздөрүнөн улам чоң жаңжалга айланды.
Ал эми Франция курамасы болсо Дүйнө чемпиондугундагы күрөшүн улантып, чейрек финалда Марокко менен беттешүүгө даярданууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















