Футбол-2026: Мора 17 жашында тарых да жаратты, мектепти да аяктады
Мексика курама командасынын жарым коргоочусу Хильберто Мора футбол боюнча быйылкы өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда өзгөчө жетишкендикке ээ болду. Ал плей-офф баскычында негизги курамда чыккан эң жаш экинчи футболчу аталды.
Мексика Эквадор менен болгон 1/16 финалдык оюнунда 2:0 эсебинде жеңишке жетти. Мора ал учурда 17 жаш 259 күндүк болуп, 58 мүнөт оюн өткөрдү. Бул рекорд боюнча биринчи орунда легендарлуу Пеле турат. Ал 1958-жылкы Дүйнө чемпиондугунда 17 жаш 239 күнүндө оюн талаасына чыккан.
Мора турнирде үч жолу негизги курамда чыгып, командадагы маанилүү оюнчулардын бири болду. Мексика дүйнө биринчилигинен четтегенден кийин ал мектепти ийгиликтүү аяктап, аттестат алды. Жаш футболчу математика жана англис тили боюнча мыкты окуучу экени айтылууда.
Моранын англис тилин үйрөнүүсү да келечектеги карьерасы үчүн маанилүү болушу мүмкүн, анткени жаш талантка Европанын клубдары кызыгып жатканы белгиленүүдө.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















