Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугун жеңген өлкөлөр: 1930-жылдан бүгүнкү күнгө чейин (видео)
Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу — дүйнөдөгү эң абройлуу спорттук мелдештердин бири. Алгачкы турнир 1930-жылы Уругвайда өткөн. Ошондон бери дүйнөлүк кубок үчүн ондогон өлкөлөр күрөшүп, бирок чемпион болуу бактысына саналуу гана курама командалар жетишип келет.
Дүйнө чемпиондугунун жеңүүчүлөрү:
- 1930-жыл — Уругвай алган. Биринчи Дүйнө чемпиондугун өз үйүндө өткөрүп, Аргентинаны финалда жеңген.
- 1934-жыл — Италия кубокту алып кеткен. Финалда Чехословакияны утуп, чемпион болгон.
- 1938-жыл — кайрадан эле Италия алып, экинчи ирет катары менен дүйнө чемпиону аталган.
- 1950-жыл — Уругвай жеңишти кайрадан алып, Бразилияда өткөн турнирде талаа ээлерин утуп алышкан.
- 1954-жыл — Кезек Германияга келген. Алар "Берн керемети" аталган финалда Венгрияны жеңген.
- 1958-жыл — Пеле баштаган команда биринчи Дүйнө чемпиондугун жеңип, Бразилия кубокко ээ болгон.
- 1962-жыл — Бразилия экинчи жолу катары менен чемпион болгон.
- 1966-жыл — Англия өз жеринде өткөн турнирде тарыхта биринчи жолу кубокту алган.
- 1970-жыл — Бразилия үчүнчү ирет чемпион болуп, кубокту толук ээлик кылууга укук алган.
- 1974-жыл — Германия финалда Нидерландды жеңген.
- 1978-жыл — Аргентина өз оюн талаасында өткөн чемпиондукта биринчи жолу дүйнө чемпиону болгон.
- 1982-жыл — Италия үчүнчү титулун жеңип алган.
- 1986-жыл — Аргентина кубокту алып, Диего Марадона баштаган курам чемпион болгон.
- 1990-жыл — Германия финалда Аргентинаны жеңген.
- 1994-жыл — Бразилия жеңген. Алар пенальтилер сериясында Италиянын курмасын утуп, төртүнчү ирет куботу алган.
- 1998-жыл — Франция өз үйүндө биринчи жолу дүйнө чемпиону болгон.
- 2002-жыл — Бразилия бешинчи жолу чемпион болуп, рекорд койгон.
- 2006-жыл — Италия финалда Францияны жеңген.
- 2010-жыл — Испания өз тарыхында биринчи жолу дүйнө чемпиону болгон.
- 2014-жыл — Германия финалда Аргентинаны кошумча убакытта жеңген.
- 2018-жыл — Франция экинчи ирет дүйнө кубогун алган.
- 2022-жыл — Аргентина Лионель Месси баштаган курама менен Францияны финалда жеңип, үчүнчү чемпиондугун жеңген.
Эң көп чемпион болгон өлкөлөр:
- Бразилия — 5 жолу;
- Германия — 4 жолу;
- Италия — 4 жолу;
- Аргентина — 3 жолу;
- Франция — 2 жолу;
- Уругвай — 2 жолу;
- Англия — 1 жолу;
- Испания — 1 жолу.
Футбол тарыхында Бразилия эң көп дүйнөлүк кубок уткан команда бойдон калууда. Бирок быйылкы Дүйнө чемпиондугунда Неймар баштаган курама 1/8 финалдык баскычка чейин гана жетти.
2026-жылкы Дүйнө чемпиондугу
Быйылкы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу тарыхтагы эң ири мундиаль болуп калды. Анткени биринчи жолу үч мамлекет биргелешип уюштуруп, ага рекорддук көрсөткүч болгон 48 курама команда катышууда. Жаңы формат боюнча командалар 12 тайпага бөлүнүп, тайпалык баскычтан кийин плей-офф оюндары өткөрүлдү.

Учурда АКШ, Канада жана Мексикада өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалдык баскычы башталды. Турнирде калган 8 мыкты курама команда жарым финалга чыгуу үчүн күч сынашууда.
Алгачкы беттешти Франция менен Марокко баштап берди. Бул беттеш бүгүн, 10-июлга караган түнү АКШнын Бостон шаарындагы "Жиллетт Стэдиум" стадионунда өттү. Франция 2:0 эсебинде жеңишке жетип, биринчи болуп жарым финалга чыкты.
Эми Испания менен Бельгия командалары бүгүн түнү беттешет. Бул оюнда жеңишке жеткен курам Франция менен жарым финалда ойнойт.
Эртең 11-июлда Норвегия менен Англия дүйнөлүк чемпиондуктагы ийгилигин улантуу үчүн күрөшөт.
Ошондой эле учурдагы дүйнө чемпиону Аргентина 11-июлда Швейцарияга каршы оюн өткөрөт. Лионель Месси баштаган команда титулун корогой алабы же жокпу убакыт көрсөтөт.
Чейрек финалдык оюндардан кийин төрт команда жарым финалга чыгат. Дүйнө чемпиондугунун финалдык беттеши 19-июлда өтөт.
Сиздин оюңузча, дүйнө кубогу кайсы өлкөнүн курама командасынын колуна тиет?
Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугун жеңген өлкөлөр: 1930-жылдан бүгүнкү күнгө чейин
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















