Эрназар Акматалиев Генри Сехудо менен күч сынашууга даярдыгын билдирди (видео)
Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев америкалык эркин күрөшчү Генри Сехудо менен күрөшүүнү каалай турганын Грузиянын Тбилиси шаарында RAF турниринин алкагында өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Кыргыз балбаны турнирдин алкагында күчтүү атаандаштар менен беттешүүгө даяр экенин айтып, Сехудо менен күрөшүү чоң сыноо жана сыймык болорун белгиледи.
Акматалиев бүгүн, 11-июлда Тбилиси шаарында өтө турган RAF турниринде АКШнын өкүлү Зейн Ретерфорд менен килем үстүндө беттешет.
Белгилей кетсек, Сехудо 2008-жылы Пекинде өткөн Олимпиада оюндарында эркин күрөш боюнча чемпион болгон. Учурда мушташ өнөрүнө аралашып UFC уюмунда эки салмак категориясында чемпиондук наамга ээ.
Эрназар Акматалиев Генри Сехудо менен күч сынашууга даярдыгын билдирди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2026-07-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















