Футбол-2026: Кошумча убакыттагы голдор Аргентинаны жарым финалга чыгарды
Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалында Аргентина курама командасы Швейцарияны кошумча убакытта 3:1 эсебинде жеңип, жарым финалга жолдомо алды.
Беттеш АКШнын Канзас-Сити шаарындагы "Эрроухед" стадионунда өттү. Оюндун башкы калысы португалиялык Жоау Педру Пиньейру болду.
Беттештин 10-мүнөтүндө аргентиналык чабуулчу Алексис Мак Аллистер эсепти ачты. Оюндун 67-мүнөтүндө Швейцариянын чабуулчусу Дан Ндой жооп голун киргизип, эсепти теңеди.
Кошумча убакытта Аргентина дагы эки ирет айырмаланды. 112-мүнөттө Хулиан Альварес гол киргизсе, 120+1-мүнөттө Лаутаро Мартинес эсепти 3:1ге жеткирип, командасынын жеңишин камсыздады.
Ал эми Швейцариянын курамасы 72-мүнөттөн тарта оюнду сан жагынан аз курамда улантууга аргасыз болду. Чабуулчу Бриль Эмболо экинчи сары айып кагазын алып, кызыл кагаз менен оюн талаасынан четтетилди.
Бул жеңиштен кийин Аргентина жарым финалда Англиянын курама командасы менен беттешет. Беттеш 15-июлда АКШнын Атланта шаарындагы "Мерседес-Бенц Стэдиумунда" өтөт.
Эске салсак, 1/8 финалда Аргентина Египетти 3:2 эсебинде жеңип, кийинки баскычка өткөн. Ал эми Швейцария Колумбияны негизги жана кошумча убакытта 0:0 эсебинен кийин пенальтилер сериясында 4:3 эсебинде утуп, чейрек финалга чыккан.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















