Конор Макгрегор жаракат алып, Макс Холлоуэйге жеңилип калды
Бүгүн, 12-июлда АКШнын Лас-Вегас шаарында UFC 329 турнири өттү. Анын башкы беттешинде эки салмак категориясындагы мурдагы чемпион Конор Макгрегор америкалык мушкер, жарым жеңил салмактагы мурдагы чемпион Макс Холлоуэй менен реванштык беттеш өткөрдү.
Беттеш биринчи раундда эле аяктап, жеңиш техникалык нокаут менен Макс Холлоуэйге ыйгарылды. Макгрегор кармаштын алгачкы секунддарында тайып кетип, тизесинен жаракат алган. Андан кийин ирландиялык мушкер бутуна тура албай эки жолу жыгылып, калыс беттешти мөөнөтүнөн мурда токтотууга аргасыз болду. Мушкерлер бири-бирине олуттуу сокку узатууга жетишкен жок.
Эске салсак, Макгрегор менен Холлоуэй алгач 2013-жылы беттешип, анда жеңиш калыстардын бир добуштан чечими менен Конор Макгрегорго ыйгарылган.
Бул Макгрегор үчүн беш жылдык тыныгуудан кийинки алгачкы беттеш болду. Ал акыркы жолу октагонго 2021-жылдын июль айында чыккан. Ал эми Макс Холлоуэй акыркы эки жыл ичинде активдүү кармашып, Дастин Порьени жеңип, Чарльз Оливейрага утулган.
Бул жеңилүүдөн кийин Конор Макгрегордун ММАдагы көрсөткүчү 22 жеңиш жана 7 жеңилүү болсо, Макс Холлоуэй 28 жеңишке жетип, 9 жолу жеңилген.
Конор Макгрегор жаракат алып, Макс Холлоуэйге жеңилип калды
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















