Парижге жакын Фонтенбло токоюндагы ири өрт 800 гектар токойду жалмады
Парижден 70 чакырым түштүктө жайгашкан Фонтенбло токоюнда ушул жайдагы эң ири өрттөрдүн бири чыкты. Өрт 800 гектарга жакын токойду каптап, аны өчүрүүгө 400гө жакын өрт өчүрүүчү, ондогон техника жана эки Жарандык коргонуу учагы тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Өрт тууралуу маалымат 12-июлда түшкөн. Катуу ысык, узакка созулган кургакчылык жана катуу шамалдын кесепетинен жалын карагайлуу тилкелерге ыкчам жайылган.
Кырсыктан улам Фонтенбло менен Уринин ортосундагы автожолдун бир бөлүгү жана бир катар жергиликтүү жолдор жабылып, Париж–Лион темир жолунда поезд каттамдары убактылуу токтотулду. Ошондой эле жаратылыш паркындагы эс алуучулар эвакуацияланды. Бийликтин маалыматына ылайык, азырынча калктуу конуштарга коркунуч жок.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















