Мбаппе толук калыбына келе элек: Испаниянын финалга чыгуу мүмкүнчүлүгү арттыбы?
Франциянын чабуулчусу Килиан Мбаппе Дүйнө чемпиондугунун жарым финалында Испанияга каршы беттешке чейин алган жаракатынан толук айыга элек.
Маалыматка караганда, Мароккого каршы чейрек финалдык оюнда оң томугунан жаракат алган футболчу акыркы машыгууда командадан өзүнчө даярданып, топ менен иштеген эмес. Ошентсе да ал баштапкы курамда талаага чыгышы күтүлүүдө.
Франциянын башкы машыктыруучусу Дидье Дешам Мбаппе жарым финалда ойной аларын ырастап, анын абалы кооптонууга негиз бербей турганын билдирди.
Мбаппенин физикалык даярдыгы боюнча суроолор жаралып турган шартта айрым адистер Испаниянын финалга чыгуу мүмкүнчүлүгү жогорулашы мүмкүн экенин белгилешүүдө. Бирок Франциянын башкы жылдызы оюнга катышары күтүлүп жаткандыктан, беттеш дагы эле өтө курч мүнөздө өтөрү айтылууда.
Белгилесек, бүгүн түнү Франция Испанияга каршы беттешет.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















