super.kg logo
  Спорт  

Англия менен Аргентинанын футбол боюнча атаандаштыгы: Тарых жана статистика

 

Англия менен Аргентинанын улуттук футбол курамалары алгачкы жолу 1951-жылдын 9-майында беттешкен. Ошондон бери командалар жалпы 15 жолу кез келген.

Жеке жолугушуулардын тарыхында артыкчылык Англиянын курамасында. Англия 6 жолу жеңишке жетсе, Аргентина 3 жолу уткан. Дагы 6 беттеш тең чыгуу менен аяктаган. Топтордун айырмасы да англиялыктардын пайдасына – 22:18.

Англиянын Аргентинага каршы эң ири жеңиши 3:1 эсеби менен катталган. Мындай эсеп эки жолу кайталанган: 1962-жылкы дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычында жана 1980-жылдагы жолдоштук беттеште. Ал эми Аргентина Англияны эң ири эсепте 1953-жылдагы жолдоштук оюнда 3:1 эсебинде жеңген.

Дүйнө чемпиондугунун алкагында эки команда беш жолу кез келген. 1962-жылы тайпалык этапта Англия 3:1 эсебинде жеңсе, 1966-жылкы үйүндө өткөн дүйнө чемпиондугунун чейрек финалында 1:0 менен уткан.

1986-жылкы дүйнө чемпиондугунун чейрек финалында Аргентина 2:1 эсебинде жеңишке жеткен. Ал оюн Диего Марадонанын тарыхта калган “Кудайдын колу” жана “Кылым голу” катары белгилүү эки голу менен эсте калган.

1998-жылкы дүйнө чемпиондугунун 1/8 финалында негизги жана кошумча убакыт 2:2 эсебинде аяктап, пенальтилер сериясында Аргентина жеңген.

Командалардын дүйнө чемпиондугунун акыркы беттеши 2002-жылы болуп, анда Англия Дэвид Бекхэмдин пенальтиден киргизген голунун аркасында 1:0 эсебинде жеңишке жеткен.

Эки кураманын акыркы расмий жолугушуусу 2005-жылдын 12-ноябрында Женева шаарында өткөн жолдоштук беттеш болгон. Англия оюн учурунда 1:2 эсебинде утулуп жатып, акырында 3:2 эсебинде жеңишке жеткен. Майкл Оуэн беттештин соңунда эки гол киргизип, командасына жеңиш алып келген.

Ал эми 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунун беттеши биздин убакыт менен 16-июль, түнкү 1:00дө болору күтүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: