super.kg logo
  Спорт  

Футбол-2026: Испания 16 жылдан кийин кайрадан Дүйнө чемпиондугунун финалында

 

Испаниянын улуттук курама командасы 2026-жылкы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун жарым финалында Францияны 2:0 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алды. Голдорду пенальтиден Микель Оярсабаль жана Педро Порро киргизишти.

Бул Испаниянын 2010-жылдан берки алгачкы Дүйнө чемпиондугунун финалына чыгышы. Ошол жылы команда тарыхында биринчи жолу дүйнө чемпиону болуп, финалда нидерланддыктарды Андрес Иньестанын кошумча убакыттагы голу менен 1:0 эсебинде уткан.

Эскерте кетсек, эми финалда Испания Англия менен Аргентинанын оюнунда жеңүүчү командага каршы ойнойт. Ал эми Франция үчүнчү орун үчүн жарым финалда жеңилген команда менен беттешет. Финал жана үчүнчү орун үчүн оюндар 19-июлда өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: