super.kg logo
  Спорт  

Футбол-2026: Месси дагы кандай рекорддук көрсөткүчкө жетти?

 

Аргентина курама командасынын чабуулчусу Лионель Месси Дүйнө чемпиондугунун тарыхындагы эң мыкты голдук пас берүүчү катары өзүнүн рекордун дагы жаңылады.

Месси быйылкы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун жарым финалында Англияга каршы беттеште 11 жана 12-голдук пастарын берди. Бул оюнда Аргентина 0:1 эсебинен артта келе жатып, 2:1 эсебинде жеңишке жетишти.

Муну менен Месси Дүйнө чемпиондугундагы голдук пас берүү көрсөткүчү боюнча мекендеши Диего Марадонаны кыйла артта калтырды. Марадона өз карьерасында дүйнө биринчилигинен жалпысынан 8 голдук пас берген болсо, Мессинин эсебинде азыр 12 голдук пас бар.

Мындан тышкары, Месси Дүйнө чемпиондугунун тарыхындагы эң мыкты чабуулчу болуп эсептелет. Анын активинде 21 гол бар.

Эми финалда Аргентина Испания менен беттешет. Ал эми Англия үчүнчү орун үчүн Францияга каршы оюн өткөрөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: