Футбол-2026: Аргентина кайрадан Дүйнө чемпиондугунун финалында
Аргентина курама командасы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун жарым финалында Англияны 2:1 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алды. Беттеш АКШнын Атланта шаарында өттү.
Оюндун 55-мүнөтүндө Англиянын жарым коргоочусу Энтони Гордон эсепти ачты. Бирок Аргентина беттештин соңунда оюнду өз пайдасына өзгөртө алды. 85-мүнөттө Лионель Мессинин голдук пасынан кийин Энцо Фернандес эсепти теңеди. Ал эми 90+2-мүнөттө Месси дагы бир жыйынтыктоочу пас берип, Лаутаро Мартинес жеңиш голун киргизди.
Белгилей кетсек, беттештин алгачкы 30 мүнөтүндө эки команда тең дарбазаны көздөй бир да так сокку жасаган жок.
Эми Аргентина финалда Испания менен күч сынашат. Үч жолку дүйнө чемпиону болгон аргентиналыктар жеңишке жетсе, 1962-жылдагы Бразилиядан бери дүйнө чемпиондук наамын ийгиликтүү коргогон биринчи команда болот. Ошондой эле Аргентина Дүйнө чемпиондуктарындагы жарым финалдардын жетөөсүндө жеңишке жетишкен.
2026-жылдагы дүйнө биринчилигинин финалы 19-июлда өтүп, ал 104-беттеш болуп калат. Турнирге алгачкы жолу 48 курама команда катышты.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















