Футбол-2026: Дүйнө биринчилигинин финалдык оюнун словениялык калыстар тобу тейлейт
ФИФА өзүнүн социалдык тармагындагы баракчасында футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалдык оюнун тейлей турган калыстардын ысымдарын жарыялады.
Финалдык беттешти словениялык калыстар тобу тейлейт. Башкы калыс болуп Славко Винчич дайындалды. Ага Томаж Кланчник жана Андраж Ковачич жардам берет. Төртүнчү калыс иорданиялык Адхам Махадме, ал эми резервдик калыс анын жердеши Мохаммад Аль-Калаф болот.
Эскерте кетсек, финалдык оюн 19-июлдан 20-июлга караган түнү болот. Трофей үчүн чечүүчү оюн Испания менен Аргентинанын курама командаларынын ортосунда АКШнын Ист-Ратерфорд шаарындагы аренада орун алат. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 00:00дө башталат.
Дүйнө биринчилигинин финалдык оюнун словениялык калыстар тобу жетектейт
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2026-07-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















