Кыргызстандык жаш мушкерлер Азия чемпиондугунда 8 медаль жеңишти
Индонезиянын Жакарта шаарында бокс боюнча U-19 жана U-23 курактык категориялары арасында Азия чемпиондугу болуп өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалымдалгандай, жаш мушкерлер жалпысынан 8 медаль жеңишкен. Анын 6сы коло, 2си күмүш байге.
U-19 курама командасынын жыйынтыгы:
- Нурпери Макешова (57 килограмм) - коло медаль;
- Мээрим Чыныбекова (80 килограмм) - коло медаль.
- Нурсултан Дүйшөналиев (50 килограм) - коло медаль;
- Арваз Ахмади (75 килограмм) - коло медаль;
- Усман Капаров (80 килограмм) - коло медаль;
- Айтбек Бердимуратов (90 килограмм) - коло медаль.
U-23 курама командасынын жыйынтыгы:
- Алмаз Орозбеков (75 килограмм) - күмүш медаль;
- Мырзакир Кошалиев (+90 килограмм) - күмүш медаль.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2026-07-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















