super.kg logo
  Спорт  

Футбол-2026: Эң стилдүү футболчулар кимдер?

 

2026-жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпиондугундагы оюн талаасында гана эмес, стили менен да өзгөчөлөнгөн футболчулар көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Мода дүйнөсү менен кызматташып, өзгөчө кийинүү стилин калыптандырган спортчулардын алдыңкылары төмөнкүлөр:

Килиан Мбаппе

Франция курамасынын чабуулчусу расмий иш-чараларга ар дайым жарашыктуу классикалык костюмдар менен катышат. Ал Dior мода үйү менен кызматташып, күнүмдүк образдарында Louis Vuitton жана Nike бренддерин айкалыштырат. Мбаппенин стили заманбап классика, монохром түстөр жана мыкты тигилген кийимдер менен айырмаланат.

Винисиус Жуниор


Бразилиялык жылдыз премиум көчө модасынын эң көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири катары таанылган. Ал ачык түстөрдөн жана өзгөчө стилдик чечимдерден коркпойт. Balenciaga, Louis Vuitton жана Off-White бренддеринин кийимдерин тандап, көлөмдүү силуэттерди жана көзгө урунган аксессуарларды жактырат.

Трент Александер-Арнольд

Англия курамасынын коргоочусу – дүйнөлүк мода жумалыктарынын туруктуу коногу. Анын гардеробунда Balmain, Prada жана Louis Vuitton бренддеринин кийимдери басымдуулук кылат. Футболчу тайманбас силуэттерди тандап, ар бир деталга өзгөчө көңүл бурат.

Жюль Кунде

Франциялык коргоочу эркектер модасынын көнүмүш чектерин бузган футболчулардын бири. Ал француз минимализмин заманбап көчө стили менен айкалыштырып, өзгөчө образдарды жаратат. Кунденин ар бир жаңы образы социалдык тармактарда кызуу талкууга жем таштап келет.

Ашраф Хакими

Марокко курамасынын коргоочусу бүгүнкү күндүн эң стилдүү футболчуларынын катарына кирет. Ал Dior, Louis Vuitton жана Casablanca сыяктуу белгилүү бренддер менен кызматташып, эркин, премиум жана марокколук өзгөчөлүктү чагылдырган стильди карманат.

Сон Хын Мин

Түштүк Корея курамасынын чабуулчусу классикалык жана жарашыктуу кийинүү стили менен айырмаланат. Ал Burberry брендинин расмий элчиси болуп саналат жана Calvin Klein компаниясынын ири жарнамалык өнөктүктөрүнө үзгүлтүксүз катышып келет. Сон Хын Мин сапаттуу, премиум кийимдерди тандап, жөнөкөй, бирок абдан көрктүү образдарды жаратат.

Букайо Сака

Англия курамасынын оюнчусу британдык минимализмге артыкчылык берет. Ал сапаттуу кездемелерди жана классикалык силуэттерди жактырат. Саканын гардеробунда Prada, Burberry жана Jacquemus сыяктуу дүйнөлүк бренддер басымдуулук кылып, анын заманбап жана токтоо стилин айкын көрсөтөт.

Жуд Беллингем

Англия курамасынын жарым коргоочусу өзгөчө мода табити менен белгилүү. Анын Instagram баракчасындагы образдары миллиондогон күйөрмандардын кызыгуусун жаратат. Беллингем Louis Vuitton бренди менен кызматташса, Adidas анын ысымына арналган эксклюзивдүү кийим коллекциясын чыгарган. Ал спорт менен жогорку моданы ийгиликтүү айкалыштырган футболчулардын бири катары бааланат.

Футболчулар эми оюндагы чеберчилиги менен гана эмес, мода дүйнөсүндөгү таасири жана өзгөчө стили менен да күйөрмандардын суктануусуна ээ болуп жатышат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: