Акжол Махмудов Будапешттеги мелдеште медалсыз калды
Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча балбаны Акжол Махмудов Венгриянын Будапешт шаарында өткөн "Ranking Series" рейтингдик мелдешинде байгелүү орунга ээ боло алган жок.
82 килограмм салмак ченинде күч сынашкан Махмудов мелдешти 1/16 финалдан баштап, алгачкы атаандашы болгон Казакстандын өкүлү Демеу Жадраевге жеңилип калды. Кийинчерээк Жадраев 1/8 финалда Түркиянын балбанына утулуп, финалга чыга алган жок. Мунун натыйжасында Акжол Махмудов коло медаль үчүн жубатуучу беттешке катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.
Экөө буга чейин Париж Олимпиадасынын чейрек финалында беттешип, анда казакстандык балбан 3:1 эсебинде жеңишке жетишкен. Ал эми 2018-жылы Азия чемпиондугунда Махмудов Жадраевди жеңген болчу.
Белгилей кетсек, буга чейин бул рейтингдик турнирде кыргызстандык балбандар Айпери Медет кызы менен Раззак Бейшекеев да алгачкы беттештеринде жеңилип, байгесиз калышкан.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















