super.kg logo
  Спорт  

Жоламан Шаршенбеков Венгриядагы мелдеште финалдык беттеш өткөрбөстөн жеңүүчү аталды (видео)

 

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча балбаны Жоламан Шаршенбеков Венгриянын Будапешт шаарында өткөн рейтингдик мелдеште алтын медаль жеңип алды.

Ал 60 килограмм салмак категориясында күч сынашып, мелдешти 1/16 финалдан баштады. Ал алгачкы үч беттешинде тең атаандаштарын мөөнөтүнөн мурда жеңип, жарым финалга ишенимдүү жолдомо алды. Жарым финалда кыргызстандык балбан Азиянын учурдагы чемпиону, 2025-жылдагы Дүйнө чемпиондугунун күмүш байге ээси жана дүйнөлүк рейтингдин сап башындагы өзбекстандык Алишер Ганиев менен кез келди. Жоламан атаандашын килемге далысын тийгизип, мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетишти.

Финалда Шаршенбеков казакстандык Ернур Фидахметов менен күрөшмөк. Бирок атаандашы жаракат алганына байланыштуу финалдык беттешке чыккан жок.

Натыйжада Шаршенбеков финалдык беттеш өткөрбөстөн жеңүүчү деп табылып, алтын медаль менен сыйланды.






Жоламан Шаршенбеков Венгриядагы мелдеште беттеш өткөрбөстөн жеңүүчү аталды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: