Трамп Испаниянын курама командасына Дүйнө чемпиондугунун кубогун тапшырды (видео)
АКШнын президенти Дональд Трамп 19-июлда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда жеңишке жеткен Испаниянын улуттук курама командасына дүйнө кубогун жеке өзү тапшырды.
Сыйлоо аземине Эл аралык футбол федерациясынын президенти Жанни Инфантино, ошондой эле турнирди кабыл алган өлкөлөрдүн лидерлери: АКШнын президенти Дональд Трамп, Мексиканын президенти Клаудия Шейнбаум жана Канаданын премьер-министри Марк Карни катышты.
Трамп жеңүүчү команданын капитаны Родриго Эрнандеске кубокту жеке өзү тапшырып, андан соң Испаниянын башка оюнчуларын да куттуктады. Ал сыйлоо аянтчасында бир нече мүнөткө чейин калган.Айта кетсек, футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалында Испания менен Аргентина курамалары беттешип, жыйынтыгында испаниялыктар 1:0 эсебинде жеңишке жетишти. Ал эми Аргентина биринчиликтин күмүш байгесинин ээси болду.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















